

Баары бир жерде
Биз бардык Умра компанияларын бир колдонмого топтодук. Эми эң жакшысын издеп таба аласыз!

Онлайн тур сатып алуу
Колдонмодо каалаган Умра туруңузду оңой таап, банк колдонмолору аркылуу онлайн сатып алсаңыз болот.

Үй-бүлө менен Умра
Тур сатып алууда үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды же досторуңузду кошуп, чогуу Умра кыла аласыз.

Зыяратчылар жана уюштуруучулар үчүн бир платформа
Зыяратчыларга жана уюштуруучуларга керектүү нерселердин баары бир жерде. Тур издөө, брондоо жана башкаруу эми дагы да оңой.

Умра-башчы тууралуу билип, ишенимдүү тур жетекчисин тандаңыз
Умра-башчылардын тажрыйбасы, рейтинги жана пикирлери тууралуу билип, ишенимдүү тур жетекчисин тандаңыз.
Биз жөнүндө
Биздин “Умра Хадж” колдонмосу Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын колдоосу менен паломниктерге Умра сапарына жакшыраак даярданууга жардам берүү үчүн түзүлгөн.
Биз бардык Умра компанияларын бир колдон мого топтодук. Эми турларды издеп, сунуштарды салыштырып, эң жакшысын таба аласыз! Ошондой эле Умра башчы, мейманканалар жана башка кооз жерлер тууралуу кеңири маалымат бар.
Колдонмодо каалаган Умра туруңузду Кыргызстандын каалаган финансы колдонмосу аркылуу оңой, тез жана коопсуз сатып алсаңыз болот. Тур сатып алууда үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды же досторуңузду кошуп, чогуу Умра кыла аласыз. Биз күн сайын колдонмону өркүндөтүү үстүндө иштеп жатабыз, сиздин ибадатыңыз пайдалуу жана натыйжалуу болушу үчүн. Баары уюшкан, тынч жана ыңгайлуу болуусу үчүн ойлонулуп жасалган.
