header-bg

Колдонуучу келишими

Ушул Колдонуучу келишими (мындан ары — Келишим) ОсОО «Брайт Техноложи» (мындан ары — Компания) менен “Умра Хадж” колдонмосун колдонууга ниеттенген же колдонгон ар бир адамдын ортосунда түзүлөт (мындан ары — Колдонуучу)

Ушул Келишим Колдонуучулар Сервисти кандай шарттарда жана эрежелерде колдоно аларын аныктайт. Сервисти колдонуу, анын ичинде орнотуу, мазмунду көрүү же катталуу — Колдонуучунун ушул Келишимдин шарттарына толук макулдугун билдирет.

1. Жалпы жоболор

  1. 1.1. Бул Келишимдин тексти Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 396-беренесине ылайык Компаниянын ачык офертасы болуп саналат жана Компания менен ар бир Колдонуучунун ортосундагы мамилелерди төмөнкүдөй тартипте жөнгө салат:
  2. 1.1.1. Колдонуучунун Сервисти колдонуу эрежелери (лицензиялык келишим) (2-6-бөлүмдөр);
  3. 1.1.2. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук жана иштетүү эрежелери (7-бөлүм);
  4. 1.1.3. Компания менен Колдонуучунун электрондук өз ара аракеттенүүсү (8-бөлүм).
  5. 1.2. Сервис Колдонуучуларга жана Тур уюштуруучуларга жалпы санариптик платформа сунуштайт, анда Колдонуучулар маалымат алып, туристтик пакеттерди сатып ала алышат, ал эми Тур уюштуруучулар өз кызматтарын жарыялап, сата алышат.
  6. 1.3. Бул офертаны кабыл алуу — Колдонуучунун Сервисти колдонууга байланыштуу ар кандай аракеттери, анын ичинде Сервистин каалаган барагын биринчи жолу ачуу же катталуу.
  7. 1.4. Сервис Колдонуучусу болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүктөр, туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана туристтик кызмат көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар эсептелет.
  8. 1.5. Колдонуучу жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун Сервистеги тиешелүү формалардагы белгилерди коюу же “Жөнөтүү”, “Сактоо” же “Катталуу” баскычтарын басуу менен берет.
  9. 1.6. Бул Келишим Сервисти колдонуу мөөнөтүндө, түзүлгөн профили бар же жок, бардык түзмөктөрдө жана операциялык системаларда колдонулат.
  10. 1.7. Бул Сервис боюнча Компания башка келишимдерди түзгөн Колдонуучуларга (Тур уюштуруучулар, коммерциялык эмес уюмдар ж.б.) да колдонулат, бирок ал келишимдерге карама-каршы келбеген бөлүгүндө гана.
  11. 1.8. Сервисти колдонуу, анын ичинде мазмунду көрүү, маалымат издөө, катталуу — ушул офертаны толук жана сөзсүз кабыл алуу болуп эсептелет.
  12. 1.9. Сервистин бардык учурдагы функциялары жана алардын өнүгүшү, жаңыртылышы же кошулушу ушул Келишимге ылайык жөнгө салынат.
  13. 1.10. Келишимдин шарттарына макул болбосоңуз, Сервисти колдонуу токтотулушу керек.

2. Келишимдин предмети

  1. 2.1. Компания Колдонуучуга туристтик кызматтар тууралуу маалымат алуу же жарыялоо, туристтик пакеттерди сатып алуу же сатуу, диний ишмерлер жана иш-чаралар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Сервисти колдонууга укук берет.
  2. 2.2. Бул Келишим боюнча Компания Колдонуучуга Сервисти колдонууга жөнөкөй (айрыкча эмес) лицензия берет, ал компьютердик программалар, маалымат базалары, графикалык контент жана башка чыгармалардан турат.
  3. 2.3. Колдонуучулар Сервисти төмөнкүдөй максаттарда колдонушат:
  4. 2.3.1. Жеке максатта — туристтик кызматтарды, тур уюштуруучуларды издөө жана тур сатып алуу үчүн;
  5. 2.3.2. Коммерциялык максатта — Тур уюштуруучулар менен өз ара аракеттенүүдө туристтик, маалыматтык жана билим берүү кызматтарын алуу үчүн (Консультациялар).
  6. 2.4. Сервистин коммерциялык функцияларын колдонуу үчүн (акы төлөнүүчү кызматтарды жайгаштыруу жана башкалар) Партнёр төлөм системасы менен өзүнчө келишим түзүүгө милдеттүү.
  7. 2.5. Компания маалыматтык системанын оператору болуп саналат жана үчүнчү жактар көрсөткөн кызматтардын сапаты үчүн жооп бербейт.

3. Тараптардын милдеттери жана укуктары

  1. 3.1. Компаниянын милдеттери:
    1. 3.1.1. Колдонуучунун Сервиске техникалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алдын алуу иштеринен башка учурларда.
    2. 3.1.2. Колдонуучулардын жеке маалыматынын купуялуулугун сактоо.
    3. 3.1.3. Колдонуучулар берген маалыматты текшерүү үчүн бардык негиздүү чараларды көрүү, бирок дайыма актуалдуулугун текшерүүгө милдеттүү эмес.
    4. 3.1.4. Мыйзамга каршы же жалган маалыматтарды камтыган комментарийлерди жана пикирлерди жайгаштырууга жол бербөө же аларды өчүрүү үчүн бардык негиздүү чараларды көрүү.
  2. 3.2. Компаниянын укуктары:
    1. 3.2.1. Сервистин функцияларын, интерфейсин жана техникалык түзүлүшүн өзгөртүү.
    2. 3.2.2. Техникалык көйгөйлөрдү жоюу, тейлөө жана башка себептер менен Сервистин ишин убактылуу токтотуу.
    3. 3.2.3. Бул Келишим бузулган учурда Колдонуучунун жеткиликтүүлүгүн чектөө же токтотуу.
    4. 3.2.4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына расмий сурамдын негизинде Сервис ичиндеги сатуу жана сатып алуулар боюнча маалымат берүү.
    5. 3.2.5. Комментарийлерди жана пикирлерди уюштуруучулардын же колдонуучулардын далилдүү өтүнүчү боюнча гана өчүрүү.
    6. 3.2.6. Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын талабы боюнча комментарийлерди жана пикирлерди өчүрүү.
    7. 3.2.7. Каалаган учурда каалаган комментарийди, пикирди же башка маалыматты өз алдынча өчүрүү.
    8. 3.2.8. Талаш-тартыштарга катышпоого, комментарийлерге баа бербөөгө жана мыйзамга же Келишимге дал келбегенин аныктоо мүмкүн болбогон учурда комментарийлерди өчүрбөөгө укуктуу.
    9. 3.2.9. Колдонуучунун комментарийи үчүн сотто жоопкер катары же күбө катары тартууга укуктуу. Колдонуучу комментарийинин мыйзамдуулугун далилдөөгө даяр болушу керек.
    10. 3.2.10. Колдонуучулардын рейтинги Компания белгилеген критерийлер боюнча түзүлөт. Компания бул критерийлерди ачыкка чыгарууга милдеттүү эмес.
    11. 3.2.11. Компания менен Дин башкармалыгынын ортосундагы келишимдин негизинде ар бир ийгиликтүү, жокко чыгарылбаган сатуудан 10% кармап калууга укуктуу.
    12. 3.2.12. Зыяратчыларды тартуу жана логистикалык кызматтар үчүн калган 90%ды 1-3 иш күнүнүн ичинде Тур уюштуруучунун эсебине которуу.
    13. 3.2.13. Төлөмдү кайтаруу төмөнкү шарттар менен жазуу түрүндөгү кайрылуу негизинде мүмкүн болот:
      1. Паломник тарабынан Турду уюштурган Партнёрдун дарегине жазуу түрүндө кайрылуу берилиши керек. Ар бир кайрылуу жекече тартипте каралат.
      2. Эгер кайтаруу чечими кабыл алынса, Компания төлөмдөн кайтарылган сумманы Партнёрго өткөрүп берет, бирок Компания административдик туруктуу чыгымдар үчүн 2% өлчөмүндө кармоо жүргүзөт.
    14. 3.2.14. Сервис ичиндеги бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) жүргүзүлөт.

4. Колдонуучунун милдеттери жана укуктары

  1. 4.1. Колдонуучу милдеттенет:
  2. 4.1.1. Бул Келишимди жана Купуялык саясатты сактоо.
  3. 4.1.2. Колдонмого мыйзамсыз, зыяндуу, дискриминациялык, кордоочу же жалган маалыматты жайгаштырбоо.
  4. 4.1.3. Колдонмонун ишине тоскоолдук жараткан аракеттерди жасабоо.
  5. 4.1.4. Башка колдонуучулардын укуктарына жана кызыкчылыkтарына зыян келтирбөө.
  6. 4.1.5. Өзүн башка адам катары көрсөтпөө же уюмдун өкүлү катары көрсөтпөө.
  7. 4.1.6. Өзү укукка ээ эмес маалыматты жайгаштырбоо.
  8. 4.1.7. Башка колдонуучулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз чогултпоо.
  9. 4.1.8. Үчүнчү жактардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз таратпоо.
  10. 4.1.9. Үчүнчү жактардын банк жана башка төлөм маалыматтарын жайгаштырбоо.
  11. 4.1.10. Автордук жана интеллектуалдык менчик укуктарын бузбоо.
  12. 4.1.11. Комментарий же пикир жазууда адептүү, сылык жана чынчыл болуу, башка колдонуучулардын жана уюмдардын абийирине, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирбөө.
  13. 4.2. Колдонуучунун укуктары:
  14. 4.2.1. Колдонмого жайгаштырылган туристтик кызматтар тууралуу маалымат алуу.
  15. 4.2.2. Колдонмого жайгаштырылган туристтик пакеттерди жеке колдонуу үчүн сатып алуу.
  16. 4.2.3. Өзү же өкүлү болгон уюм көрсөткөн туристтик кызматтар тууралуу ишенимдүү маалыматты коммерциялык максатта жарыялоо.
  17. 4.2.4. Турлар, тур уюштуруучулар, алардын өкүлдөрү жана туристтик жайлар тууралуу жеке пикир жана сүрөттөрдү жарыялоо.
  18. 4.2.5. Эгер кандайдыр бир комментарий же пикир мыйзамга же ушул Келишимге каршы келсе, же зыян келтирсе, Компанияга info@umrahhajj.kg дарегине кат жөнөтүү аркылуу кабарлоо укугуна ээ.

5. Тараптардын жоопкерчилиги

  1. 5.1. Колдонмодогу маалымат оферта болуп саналбайт жана маалыматтык мүнөзгө ээ.
  2. 5.2. Тур уюштуруучулар менен байланыш үчүн жоопкерчилик Колдонуучуга тиешелүү.
  3. 5.3. Компания Колдонмодогу маалыматтар Колдонуучунун күткөнүнө шайкеш келерине кепилдик бербейт.
  4. 5.4. Туристтик кызматтар жана маалымат үчүн жоопкерчилик түздөн-түз Тур уюштуруучуга жүктөлөт.
  5. 5.5. Техникалык көйгөйлөр, алдын алуу иштери же интернет провайдерлерден келип чыккан маселелер үчүн Компания жоопкерчилик тартпайт.
  6. 5.6. Колдонуучу өз өлкөсүнүн мыйзамдарын жана ушул Келишимди сактоо үчүн толук жооп берет.
  7. 5.7. Бул Келишимдин жоболорун билбөө Колдонуучуну жоопкерчиликтен бошотпойт.
  8. 5.8. Колдонмого жайгаштырылган бардык комментарийлерге автордук укук колдонулат. Башка булактардан алынган материалдарда автордун аты көрсөтүлүшү керек. Колдонуучу башка бирөөнүн текстин же сүрөтүн өзүнө таандык кылбоого жана үчүнчү жактардын укуктарын сактоого милдеттүү.
  9. 5.9. Өз комментарийин жайгаштыруу менен Колдонуучу Компанияга аны каалаган формада жана ыкмада колдонууга акысыз укук берет.
  10. 5.10. Колдонмодогу бардык материалдардын укугу Компанияга таандык. Материалдарга жетүү жеке колдонуу жана таанышуу үчүн гана берилет.
  11. 5.11. Материалдарды кайра чыгаруу, таратуу, көчүрүү, эфирге берүү, которуу жана башка ыкмалар менен колдонуу коммерциялык эмес максатта гана, активдүү шилтеме же булак катары колдонмону көрсөтүү менен гана мүмкүн.

6. Лицензия жана интеллектуалдык менчик

  1. 6.1. Колдонмодогу бардык объекттерге (текст, сүрөт, интерфейс ж.б.) болгон укуктар Компанияга же анын өнөктөштөрүнө таандык. Колдонмону колдонуу укуктарды өткөрүп берүүнү билдирбейт.
  2. 6.2. Айрым материалдардын укугу Компаниянын өнөктөштөрүнө таандык болушу мүмкүн.
  3. 6.3. Колдонуучу колдонмодогу материалдарды Компаниянын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз колдонбоого милдеттүү.
  4. 6.4. Бардык кызматтар “кандай болсо ошондой” абалда көрсөтүлөт. Компания колдонмонун ар дайым жеткиликтүү болушуна кепилдик бербейт жана Келишим бузулса, каалаган учурда колдонууну токтотууга укуктуу.
  5. 6.5. Колдонуучу колдонмого өзгөртүү киргизүүнү талап кылууга укугу жок, бирок сунуш бере алат. Компания колдонмонун коммерциялык жарамдуулугуна, өзгөчө талаптарга жооп берерине же кемчиликсиз иштээрине кепилдик бербейт.
  6. 6.6. Колдонмону колдонуу Колдонуучунун өз жоопкерчилигинде жана тобокелинде. Компания колдонмонун иштешине жана андан келип чыккан зыянга жооп бербейт.
  7. 6.7. Компания колдонмонун үзгүлтүксүз иштешине бардык аракеттерди көрөт, бирок кепилдик бербейт жана Колдонуучуларды үзгүлтүккө учураган учурда кабарлоого милдеттүү эмес.
  8. 6.8. Колдонуучу Компаниянын жазуу жүзүндөгү уруксаты жок колдонмону жарнама үчүн же башка максатта колдонууга укугу жок.

7. Купуялык саясаты

  1. 7.1. Колдонуучу Сервисти колдонууда берген жеке маалыматтарын (аты-жөнү, сүрөтү, байланыш маалыматы, туулган датасы, жынысы, паспорттук маалыматтары, дареги ж.б.) иштетүүгө макулдук берет.
  2. 7.2. Колдонуучу жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга (колл-борбор кызматкерлери, Тур уюштуруучулар) берүү жана сактоого макулдук берет.
  3. 7.3. Колдонуучу жеке маалыматтарын Тур уюштуруучуларга берүү жана сактоого макулдук берет.
  4. 7.4. Колдонуучу тур сатып алууда же шашылыш учурда байланышуу үчүн байланыш тизмесин берүү жана сактоого макулдук берет.
  5. 7.5. Колдонуучу ден соолугу тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү эмес, бирок кааласа кошумча кызматтарды алуу үчүн бере алат.
  6. 7.6. Колдонуучу Сервисти колдонууда автоматтык түрдө анонимдүү түрдө техникалык маалыматтар (түзмөктүн операциялык системасы, браузердин версиясы, колдонмонун функцияларын колдонуу статистикасы, жайгашкан жери ж.б.) берилерин билет жана макул.
  7. 7.7. Колдонуучу Компанияга маалыматтарды анонимдүү түрдө изилдөөгө макулдук берет.
  8. 7.8. Колдонуучу маалыматтык билдирүүлөрдү алууга уруксат же тыюу сала алат, ошондой эле байланыш тизмесине жеткиликтүүлүктү чектей алат.
  9. 7.9. Компания Колдонуучудан алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого жана үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүү (Келишимде жана мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары).
  10. 7.10. Компания “куки” технологиясын колдонууга укуктуу. Куки — бул Колдонуучунун түзмөгүндө сакталган маалымат, ал Компанияга Колдонуучунун жеке жөндөөлөрүн жана артыкчылыктарын сактоого, ошондой эле анонимдүү маалымат чогултууга мүмкүндүк берет.
  11. 7.11. Компания жеке маалыматтарды төмөнкү максаттарда колдонууга укуктуу:
    1. 7.11.1. Сервистин сапаттуу иштешин камсыз кылуу;
    2. 7.11.2. Колдонмонун ишин жакшыртуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү;
    3. 7.11.3. Колдонуучуларга колдонмо тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, анын ичинде акциялар жана атайын сунуштар жөнүндө;
    4. 7.11.4. Колдонуучуга колдоо көрсөтүү, анын ичинде Тур уюштуруучуну тандоодо же төлөмдө кыйынчылык жаралса;
    5. 7.11.5. Колдонуучуларга жарнамалык материалдарды жана өнөктөштөрдүн атайын сунуштарын жөнөтүү;
    6. 7.11.6. Колдонуучулардан колдонмо боюнча пикир жана сунуштарды алуу, анын ичинде электрондук почта же телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзүү;

8. Электрондук өз ара аракеттенүү

  1. 8.1. Компания Колдонуучуларга жана Партнёрлорго Сервистин атайын бөлүмү — Жеке кабинетти колдонууга мүмкүнчүлүк берет, ага каттоодон өтүп, уникалдуу идентификатор (логин) жана бир жолку код алгандан кийин жеткиликтүү болот.
  2. 8.2. Жеке кабинети үчүн уникалдуу идентификатор (логин) жана бир жолку кодду айкалыштыруу Колдонуучунун жөнөкөй электрондук кол тамгасы болуп эсептелет. Колдонуучулардын электрондук өз ара аракеттенүүсү ушул Келишим менен жөнгө салынат.
  3. 8.3. Жеке кабинет аркылуу же электрондук почта даректерин колдонуу менен жөнөтүлгөн бардык билдирүүлөр, макулдуктар жана документтерди кол коюу Жөнөкөй электрондук кол тамга болуп эсептелет жана кагаз жүзүндөгү документтерге барабар. Мындай документтерге мөөр коюу талап кылынбайт.
  4. 8.4. Колдонуучу Жеке кабинетке кирүү үчүн колдонулган уникалдуу идентификатор менен сырсөздү купуя сактоого милдеттүү.
  5. 8.5. Колдонуучу Сервисти колдонуу же колдонууга мүмкүн эместик, мыйзам бузуу же үчүнчү жактардын укуктарын бузуу боюнча суроолорун жана дооматтарын кайтарым байланыш формасы аркылуу же info@umrahhajj.kg дарегине жөнөтө алат.

9. Жыйынтык жоболор

  1. 9.1. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
  2. 9.2. Келишимдин айрым жоболору жараксыз деп табылса, бул калган жоболордун күчүн жоготпойт.
  3. 9.3. Келишим бузулган учурда Компаниянын аракетсиздиги анын укуктарынан баш тартканын билдирбейт.

10. Компаниянын реквизиттери

ОсОО «Брайт Техноложи»

ИЖН: 00912202410313

Юридикалык дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., А. Масалиев көчөсү, 43, кв. 31

ОКПО: 33492975

Бишкек ш., Ленин району боюнча Салык кызматы

Башкы директор: Молдоказы уулу Шаймерден